Четверг, 10 сентября

Орозо айтты кантип майрамдаш керек? Адистердин жообу

0

Бүгүн кыргызстандыктар Орозо айтты майрамдайт.

Мусулмандар үчүн маанилүү деген майрамды өткөрүү жолун диний адистер төмөндөгүдөй кылып тизмектеди:

▪️Орозо айтты ар бир мусулман эркек жуунуп-тазаланып, айт намазга барышы керек.

▪️Ар бир үй-бүлө дасторконун колунан келишинче жайып, жакшы маанайда өткөрүшү керек. Орозо айтта мал союу шарт эмес.

▪️Тууган, кошуна, дос-тааныштарыныкына барып айттап, мүмкүнчүлүгү болсо белек берсе болот.

▪️Аялдарды үй жумушунан бошотуп, үй-бүлө мүчөлөрү чогуу майрамдаганы оң

▪️Араздашып кеткендерден Айтта кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

▪️Айтты аша чаап шаан-шөкөткө айлантпаш керек.

Бул күнү ичимдик ичүүгө, бирөө менен араздашууга жана жаман сөздөрдү айтууга тыюу салынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз