Планетанын жашоочулары жакынкы 30 жылда 2 миллиард адамга көбөйөт жана 2050-жылы 9,7 миллиардга жетет.
Бул тууралуу БУУнун глобалдык демографиялык өзгөрүүлөр жана келечектер боюнча жаңы докладда айтылат.
XXI кылымдын соңунда дүйнө калкынын саны 11 милилардка жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда калкынын саны кыскарган өлкөлөрдүн да азая баштагандыгы докладда айтылган.
Берилген маалыматтарга ылайык, Индия 2027-жылы Кытайдан озуп, калкынын саны боюнча дүйнөдө лидерлик позицияны ээлеши мүмкүн. Окумуштуулардын божомолуна ылайык, жакынкы 30 жылда калктын 50 пайыз өсүүсү тогуз өлкө —
Индия, Нигерия, Пакистан, Конго, Эфиопия, Танзания, Индонезия, Египет жана АКШнын эсебинен болот.
2050-жылы ошондой эле тропикалык Африканын калкынын эки эсе өсүүсү күтүлүүдө. «Дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүндө калктын саны өтө тездик менен өсүп, жакырчылык менен күрөшүүдө кошумча кыйынчылыктарды жаратып, теңсиздик менен ачарчылыктын айырмасы өсөт, ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына кошумча кыйынчылыктарды жаратат», – деп билдирди БУУнун Башкы катчысынын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Чжэньминь.
Адамдардын жаш курагынын узаруусунан жана төрөлүүнүн азаюсунан улам дүйнө калкынын картаюусу жогорулап, кошумча көйгөй жаралат. Бул жагдай көбүнчө Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө көбүрөөк байкалууда.
2018-жылы 65 жана андан улуу адамдардын саны беш жашка чейинки балдарга салыштырмалуу биринчи ирет ашып кетти.
205-жылы 55 өлкөдө калктын саны минимум 1%га азаюсу күтүлүүдө. Бул катарда Россия, Украина, Беларусь, Армения, Латвия жана Литва бар.
Кыргызстанда 2019-жылга карата 6 млн. 340 миң адам катталган. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 1 млн.го көп.