Бул тууралуу БУУнун соттон тышкаркы жазалоолор боюнча атайын Агнес Калламар билдирди.
БУУнун соттон тышкаркы жазалоолор боюнча атайын докладчысы Агнес Калламар эртең Сауд Аравиясынын Стамбулдагы Башкы консулдугунда журналист Жамал Кашыкчынын өлүмүн иликтөө боюнча докладды жарыялай тургандыгын айтты. Бул тууралуу БУУнун Жогорку комиссариатынын башкармалыгынын маалыматында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, документ аталган уюмдун расмий сайтына жайгаштырылат.
Мындан тышкары, 26-июнда доклад 41-сессиясы келерки жумада Женевада баштала турган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине да сунушталат.
Мындан мурда, мартта Каламар The Washington Postтун баяндамачысынын өлүмүнө айыпталгандар боюнча ачык жана калыс сот процессин өткөрүүгө чакырган.
The Washington Post менен жигердүү кызматташкан белгилүү саудиялык журналист Жамал Кашыкчы 2018-жылы 2-октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунда өлтүрүлгөн.
Түркиянын Башкы прокуратурасы иликтөөнүн жыйынтыгында журналист пландаштырылган адам өлтүрүүнүн курмандыгы болгондугу тууралуу тыянак чыгарган. Кашыкчы дипмиссиянын имаратына кирери менен эле муунтулган.
Өлтүрүлгөн соң Кашыкчынын денеси кескиленип, жок кылынган. Түркия Стамбулда Кашыкчынын иши боюнча сот процессин уюштурууга жана Эр-Риядды журналистти өлтүрүүгө катышкан адамдарды берүүнү чакырып келет.