Пятница, 29 ноября

Израиль аскерлери түрк журналистерди бутага алды (Видео)

0

Газадагы Нусайрат лагеринде эфирге даярданган ТРТ Араби тобунун унаасына Израиль армиясы тарабынан кол салуу жаасалып, аталган каналда көз карандысыз оператор болуп иштеген Сами Шахада аттуу жаран кол салууда оор жаракат алды. Доктурлар журналистке операция жасашты. Натыйжада журналист бутунан ажырады.

Түркиянын президентине караштуу Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Израиль тарабынан ТРТ Араби тобуна жасалган кол салууга жоп берди. Алтун социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага кол салууларында журналисттерди атайылап бутага алуусу уланып жатканын айтты.

Алтун өз билдирүүсүндө: «Биз ушул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптайбыз. Бул терроризм болуп саналат. Терроризм токтоп, Батыш дүйнөсү бул мыкаачылыкка мүмкүн болушунча тезирээк каршы турушу керек. Израиль өз кыргындарын көрсөтпөө үчүн журналисттерди бутага алууда жана басма сөз эркиндигине кол салууда. Эл аралык коомчулуктун бул кол салууларга кайдыгер мамилеси да Израилди кубаттайт. Эми жетиштүү. Эл аралык коомчулук биздин көз алдыбызда болуп жаткан мыкаачылыктарга каршы чара көрүшү керек. Бул системалуу кол салууларга унчукпай тургандар Израилдин геноцид кылмышына шериктеш болгондор. Израилдин Газадагы журналисттерди бутага алган кол салууларын дагы бир жолу айыптап, оператор Сами Шахаданын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз