Иран бүгүн же эртең Израилге сокку уруп, 100дөн ашык учкучсуз учактарды жана ондогон ракеталарды колдонушу мүмкүн, деп билдирди CBS News Америка жетекчилигиндеги булактарына таянуу менен.
Гезиттин айтымында, ирандык соккулар жакынкы 36 сааттын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ошол эле маалда америкалык аткаминерлер Тегеран “кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн азыраак сокку урууну тандашы мүмкүн” деп божомолдойт.
Телеканал ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти мурдараак Израилдеги америкалыктарга абадан коргонуу системалары менен жакшыраак корголгон чоң шаарлардын сыртына чыкпоону сунуштаганын эске салды.
1-апрелде Израиль Сириянын баш калаасы Дамасктагы Ирандын консулдугуна ракеталык чабуул жасаган. Кол салууда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эки генералы набыт болгон. Иран бул чабуулга жооп берүүнү убадалап, бирок аны качан жана кантип жасарын тактаган эмес.