Пятница, 3 мая

Иран-Израиль тиреши. ЕБнин тышкы иштер министрлери чукул жыйынга чогулат

0

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Ирандын Израилге кол салуусунан кийинки кырдаалды талкуулоо үчүн 16-апрелде кезексиз жыйынга чогулат.

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл өзүнүн X эсебинде жасаган билдирүүсүндө ЕБ тышкы иштер министрлерин 16-апрелде видеоконференция аркылуу жолугушууга чакырганын жарыялады.

Боррел: «Максатыбыз чыңалууну азайтуу жана аймактын коопсуздугуна салым кошуу»,-деди.

Евробиримдик Ирандын Израилге кол салышын кескин айыптап, аны «аймактык коопсуздукка олуттуу коркунуч» деп атады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз