Пятница, 3 мая

Ооганстанда селден 33 адам каза болду

0

Ооганстанда акыркы 3 күндөгү селдерден 33 адам каза болду.

Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн табигый кырсыктар боюнча Мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Молла Жанан Саик басма сөзгө берген билдирүүсүндө, эң көп жоготуулардын Фарах, Герат, Забул жана Кандагар провинцияларында катталганын айтты.

Акыркы 3 күндө өлкө боюнча 21 облуста сел жүргөнүн белгилеген Саик, 33 кишинин каза болгонун, 27 кишинин жаракат алганын маалымдады.

Саик 200 малдын кырылып калганын, 600дөн ашуун үйдүн жарым-жартылай зыянга учурап же толугу менен кыйраганын, 2 миң декар айыл чарба жеринин жараксыз абалга келгенин айтты.

Мүмкүн болуучу селден улам жан жана материалдык жоготуулардын көбөйүшү ыктымалдыгын белгилеген Саик, жардам топторунун мобилизацияланганын кабарлады.

Ооганстанда аба ырайынын ысышы менен кыш айларында жааган кардын эриши, нөшөрлөп жааган жамгыр жана жетишсиз инфраструктуранын натыйжасында пайда болгон селдер көбүрөөк зыянга алып келүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз