Жалал-Абад облусундагы Сузак–Кара-Дарыя жолун оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпы 5 чакырым 400 метрди түзгөн жол оңдолуп, учурда эски асфальт алынууда. Аны менен катар жол жээгине мыйзамсыз чыккан курулуштар буздурулууда.