Четверг, 2 мая

Бишкек — Ош жолунда таштар кулоодо

0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жолунда кооптуу абал түзүлгөнүн эскертет.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кар жана жамгыр жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Бишкек — Ош унаа жолунун 315-чакырымынан 427-чакырымына чейинки аралыгында таштардын жана кумдардын жолго кулап түшүүсү катталууда.

«Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү өлкө аймагындагы жолдордун кырдаалын көзөмөлдөп, жеринен тийиштүү иштерди алып барууда. Азыркы учурда өлкө аймагындагы жолдор ачык жана эч кандай чектөөлөр жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз