Чек ара кызматынын дарамети бекемделүүдө

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө президенттин тапшырмасы менен ушул сыяктуу курулуштар, аскерлердин жашоо-шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да уланарын билдирди.

«Ошол эле учурда аскерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөт. Өз милдеттериңерди так жана берилгендик менен аткарышыңар керек», – деди Ташиев.

Чек арачыларга тапшырылган көп кабаттуу үй 67 батирлүү: анын бир бөлүгү күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана башка ведомстволордун кызматкерлери үчүн бөлүнгөн.

Мындан сырткары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп тузөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды. Анда кызмат үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Иш бөлмөлөрү, окуу бөлмөлөрү, жатаканалары, мончо, ашкана, спорт зал, спорт аянтчалары, автопарк жана башка бардык шарттар камсыздалган.

Аймак толугу менен жашылдандырылып, кызмат өтөө үчүн эч кандай кемчилдик калтырылган эмес.

Имараттар тапшырлыган соң, Камчыбек Ташиев чек арачылар үчүн алынган 25 жаңы атайын аскердик техниканы да тапшырды.

Заманбап үлгүдөгү унаалар куралдуу аракеттер үчүн негизделген жана алар өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө таратылууда.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө Баткен окуяларында каза болгон аскерлер үчүн Куран окулду. Алар үчүн жасалган эстеликке гүл коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз