Четверг, 2 мая

Газада 7-октябрдан бери 34 миң адам өлдү

0

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 970ке жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 195 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 71 палестиналык каза болуп, 106 палестиналык жараланды.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 970ге, жаралуулардын саны да 76 миң 770ге жетти.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз