Четверг, 2 мая

“Бишкек шаарынын “Жашыл шаар иш-аракеттер планы” долбоору таанытылды

0

«Бишкек шаарынын “Жашыл шаар иш-аракеттер планы» долбоорунун бет ачары болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Айтен Рустамова катышты.

Иш-чаранын катышуучулары бул долбоор Бишкек шаарынын экологиясын өнүктүрүү жана коргоо үчүн зарыл жана маанилүү экенин белгилешти.

«Бишкек шаарынын “Жашыл шаар иш-аракеттер планы» долбоору экологиялык маанилүү факторлорду эске алуу менен «жашыл» шаарды түзүү программасы болуп саналат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Япония өкмөтүнүн жана Эл аралык консалтинг компаниясы – NTT DATA колдоосу менен уюштурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз