Пятница, 3 мая

23-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу берүү токтотулат

0

23-апрелде Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө таза суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин
— Абаканов көчөсү — Дэн Сяопин проспекти – Костанай көчөсү – темир жол линиясы,
— Кустанай көчөсү — Волков көчөсү – Садыгалиев көчөсү, Дэн Сяопин проспекти менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу Киркомстром суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз