Көк-бөрү Көчмөндөр оюндарында ойнолобу? Федерациясынын жообу

0

Көк бөрү бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилди. Бул тууралуу КР Көк-бөрү федерациясынан билдиришти.

Маселе Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жакында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чечилди.

Эске сала кетсек, буга чейин Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары көк-бөрү менен кыргыз күрөшүн расмий спорттук программага киргизген эмес. Оюндар көргөзмө сынактардын тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз