Суббота, 4 мая

Кара-Кулжада сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда

0

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 20-апрелде саат 20:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымын сел жүргөн, сел калдыктарын калдыктарынан тазалоо үчүн 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн жүктөгүч тартылган, учурда унаа жол бир тараптуу ачык.

Ошондой эле Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 12 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирген, Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа айылында 20 турак үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 5 турак үйдүн ичине сел суулары кирген.

Бүгүн 2 айылда селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМден 3 кызматкер, Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 куткаруучу, мотопомпа, жүктөгүч, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тартылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз