Пятница, 3 мая

Эрлан Шеров Азия чемпионатында коло медаль тагынды

0

 Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Чемпионат Кытайдын Гоконг шаарында 20-апрелден 23-апрелге чейин өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров мелдешке 90 кг салмак ченинде 1/8 финалдан тарта катышып, индиялык спортчуну жеңип алды. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык дзюдочу ливандык Карамнобу Сагаиповго жеңилди.

Жубатуучу беттеште кыргыз спортчусу тажикстандык Комромсох Юстопирионду артта калтырды. Ал эми 3-орун үчүн болгон чечүүчү кармашта Эрлан Шеров учурда БАЭ курамасынын атынан чыгып жаткан россиялык спортчу Арам Григорянды жеңип, коло медалга ээ болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз