Суббота, 4 мая

Түндүк Корея менен Иран АКШга каршы биригүүдө

0

Түндүк Корея Иранга жогорку деңгээлдеги делегациясын жиберди.

Түндүк Кореянын Борбордук Кабар агенттигинине (KCNA) таянып берилген кабарда, Түндүк Кореянын тышкы экономикалык байланыштар министри Юн Жунг Хо жетектеген Пхеньян делегациясынын расмий сапардын алкагында Иранга барганы белгиленди.

Кабарда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын, дипломатиялык изоляциядан чыгуу максатында АКШга каршы болгон өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылганы маалымдалды.

Орусиянын Украинага каршы согушунда Москвага колдоо көрсөткөндөрдүн арасындагы Пхеньян менен Тегеран өкмөттөрү, Орусияга жабдууларды жеткирип жатат деп да айыпталган.

Түндүк Корея жогорку даражалуу чиновниктерин Иранга акыркы жолу 2019-жылы август айында жөнөткөн.

Пхеньян жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чараларынын алкагында чек араларын жапканга чейин Тегеран менен дипломатиялык мамилелерин уланткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз