Эл аралык джаз фестивалы башталды

0

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында эл аралык XIX джаз — 2024 фестивалы өтүүдө.

«Чек арасыз музыка» урааны астында өтүп жаткан фестивалга Австрия, Италия, Португалия, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын музыканттары катышууда.

Саамалык эки күнгө созулат: 26-27-апрель.

Бүгүн Казакстан, Өзбекстан, Италия, Түштүк Кореядан келген чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн тартуулап, джаз музыкасы сүйүүчүлөрүнүн астында концерт коюшту.

Эртең, 27-апрелде Австрия жана Португалиянын музыканттары шаар тургундарына жана конокторго жагымдуу маанай тартуулашмакчы.

Иш-чаранын максаты — маданий кызматташтык аркылуу элдердин ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүү үчүн көпүрө куруу болуп саналат. Джаз – эркин жана чыгармачыл адамдардын музыкасы.

Белгилей кетсек, учурда Борбор Азиянын төрт өлкөсүнүн борбор калаалары – Бишкек, Алматы, Ташкент жана Душанбеде джаз фестивалы өтүүдө.

Кошумчалай кетсек, ЮНЕСКО уюму 30-апрелди джаздын эл аралык күнү катары жарыялаган. Бишкек эл аралык джаз фестивалы 2018-жылдан тартып, ушул күнгө арналган фестивалдардын программасына кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз