Кыргызстанда 22-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 534 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аныничинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 269;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 77;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 890;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 221;
- авто ээнбаштык — 4;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 507;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 7;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 370
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 842 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.