Четверг, 28 ноября

“Титаниктин” эң бай жүргүнчүсүнүн сааты рекорддук баага сатылды

0

Түндүк Атлантикада айсбергге урунуп чөгүп кеткен легендарлуу “Титаник” кемеси менен саякатка чыккан эң бай жүргүнчүлөрдүн биринин алтын чөнтөк сааты аукциондо 900 миң фунтка (болжол менен 111 миллион сом) сатылды.

Англиянын Вилтшир шаарында өткөн аукциондо ишкер Жон Жейкоб Асторго таандык саат болжолдуу баадан 6 эсе кымбат сатылды.

Салыктарды жана кошумча төлөмдөрдү эске алганда сатып алуучу саат үчүн 1 миллион 175 миң фунт стерлинг төлөйт. Аукцион үйү жалпы сумманы «дүйнөлүк рекорд» деп мүнөздөдү.

1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз