Пятница, 17 мая

АКШ Иран  учкучсуз учагын атып түшүргөндүгүн моюнга алды

0

CENTCOM: Иран АКШнын учкучсуз учагын Ормуз кысыгында атып түшүрдү.

Иран АКШнын учкучсуз учагын Ормуз кысыгында атып түшүргөндүгүн АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.

«Учкучсуз Global Hawk RQ-4A учуучу аппарат ирандык «жер-аба» ракеталык системасы тарабынан Ормуз кысыгындагы эл аралык аба мейкиндигинде учуп баратканда атып түшүрүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.

«Бул АКШнын эл аралык аба мейкиндигиндеги байкоочу миссиясына негизсиз чабуул»,- деп белгиледи CENTCOM.

20-июнда таңга маал Ислам революциясынын тартип сакчылар корпусу (ИРТСК) Хормозган провинциясынын аба мейкиндигинде Global Hawk учкучсуз учагы атып түшүрүлгөндүгүн маалымдаган.

АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн натыйжалуу учкучсуз учагы болуп эсептелген RQ-4 Global Hawk Northrop Grumman   компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз