Пятница, 22 ноября

Германиялык саякатчы велосипед менен Ошко келди

0

Германиялык саякатчы велосипед менен Ош шаарына бир айда жетти. Ал сапарга чыккандан бери Орусия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу бир канча мамлекеттерди аралап өткөн.

Юргер Мандл Ошко май айында келген. Ал башкалар сыяктуу самолет же автотранспортто келген эмес. Германиядан велосипед менен бир ай аралыгында жетип келди. Юргенди көпчүлүк саякаттап жүргөн турист деп ойлойт. Бирок анын негизги максаты — велосипед менен миңдеген чакырым аралыкты басып өтүү. Каарманыбыз күч менен ийгиликтерди багындыруу анын максаты экенин айтат.

Германиялык Юрген Мандл кесиби бюнча IT программист. Азыр ал учкуч катары таанымал. Германияда көптөгөн автоунаа жарыштарына катышып келген. Түрдүү автоунааларда, велосипедде жүрүүнү хоббиге айландырган. Юрген Ош аркылуу ал Ош-Сары-Таш-Эркештам жолунан өтүп, Кытайга барууну пландаштырган. Ал жер – Юрген үчүн маарага жетүүчү жол. Велосипед аркылуу Борбор Азияны кыдырган каарманыбыз өзү барган жерде ошол мамлекеттин желеги менен таанымал болгон.

Өзүнүн саякаты башталганда Юрген ар күнү таң аткандан күн батканга чейин 12 саат үзгүлтүксүз жол жүргөн. Эң узун жол жүрүү бир күндө 130 км. болгон. Анын эң чоң ийгиликтеринин бири —  Сахара чөлүндө өткөн жөө жүрүшкө катышкан. Ал жерде аптаптуу бир күндө 83 км. жолду басып өткөн. Мындай сыноолор адамды чыйралтат деп айтат Юрген. Ал барган мамлекеттерде басылмалар, телеканалдар аркылуу жөө жүргөн саякатчы катары таанымал болгон.

Орусия, Казакстан, Өзбекстанды велосипедчен аралап келген турист кыргыз эли меймандос келип, бирок жөө жүргөндөр көп деле жок экен деп тамашалайт.

Эми саякатчы өз өлкөсүндө автоунаа жарышуучусу катары таанымал Юрген Мандл Кытайга карап жол алат. 6 айлык сыноо жарышын колго алган каарманыбыз, бул кадамдар ага чыныгы рахат тартуулаарын айтат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз