Пятница, 17 мая

Опузалап акча талап кылгандар кармалды

0

Ишкерлерди опузалап 1 млн 200 миң сом акча каражатын алуу учурунда Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиршти.

Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго жана ар кандай деструктивдүү элементтерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан кылмыштуу топ тарабынан опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө 29-апрелде «А.Л.» ЖЧК өкүлдөрүнөн 1 млн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алуу учурунда КР жарандары О.Ч.Э. жана К.М.Т. пара менен кармалды.

Жогоруда аталган адамдар кылмыштуу бүтүмгө кирип, ЖМКда финансылык мыйзам бузуулар тууралуу видео материалдарды жарыялоо, ошондой эле укук коргоо жана башка көзөмөлдөөчү органдарга кайрылуу жолу аркылуу ишкерлерге шантаж кылып, акча каражатын опузалап алуу боюнча схема уюштурган. Тагыраагы, аталган жарандар өздөрүнүн кылмыштуу ниеттерин ишке ашыруу, ошондой эле жогоруда аталган ЖЧКнын жетекчилигин акча каражаттарын берүүгө көндүрүү максатында буга чейин КР президентинин, Башкы прокуратуранын, УКМК, ИИМ жана Мамлекеттик салык кызматынын дарегине компаниянын ар кандай финансылык жана салыктык мыйзам бузуулары жөнүндө бир катар арыздарды жана кайрылууларды жолдошкон.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда алардын алдамчылык мүнөздөгү башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз