Газада дайынсыз жоголгондордун саны 10 миңден ашты

0

Израилдин Газа тилкесине 7 — октябрдан бери жасаган кол салууларында урандылардын астында 10 миңден ашуун кишинин дайынсыз жоголгону билдирилди.

Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин кол салуулары башталган 7 — октябрдан бери урандылардын астында 10 миңден ашуун кишинин  дайынсыз экендиги жана топтор бул адамдарга жете албагандыктан бул адамдардын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген жалпы каза болгондордун санына кирбегени белгиленди.

Билдирүүдө, Газада дайынсыз жоголгондор менен кошо каза болгондордун жалпы санынын 44 миңден ашканы белгиленди.

Издөө — куткаруу иштеринде адамдардын жетишсиздиги жана каражаттардын кемчилигинен улам издөө — куткаруу иштеринин  2 — 3 жылга созулушу мүмкүн экендиги белгиленген билдирүүдө БУУнун жетекчилеринин Газа тилкесинде Израилдин кол салууларынан кеминде  37 миллион тонна урандынын калгандыгы маалымдалды.

Миңдеген сөөктүн уранды астында чогулушунан улам эпидемиялык оорулардын жайылары тууралуу эскертилген билдирүүдө жай айларында ысыктыктын жогорулашы менен сөөктөрдүн чирүү процессинин ылдамдай тургандыгы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз