Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 6-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.