Бүгүн Кыргызстанда байланыштын бардык тармактарынын адистеринин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети сандар жана фактылар менен кызыктуу маалымат даярдады.
Байланыш статистикасы боюнча алгачкы расмий маалыматтар 1937-жылы Улуу Октябрь революциясынын 20 жылдыгына карата басылып чыккан кыскача статистикалык маалымдамада жарыяланган. Анда берилген статистикалык маалыматтарга ылайык, 1935-жылдын 1-январына карата республикада:
- 31 почтамт жана байланыш бөлүмү;
- 197 почта агенттиги;
- 632 почта ящиги эсепке алынган.