Воскресенье, 19 мая

Билим берүүнүн глобалдык форуму өтөт

0

Быйыл Кыргызстанда Ага Хан фондунун демилгеси менен «Мектептер2030» программасынын алкагында Глобалдык форум өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, быйылкы иш-чара Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналмакчы.

Форумга 30дан ашык өлкөдөн 200дөн ашуун делегаттардын келүүсү күтүлүүдө. Анда билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган талкуулар уюштурулуп, учурда дүйнө жүзүндө орчундуу болуп жаткан «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук үчүн мугалимдин лидерлиги: Планетанын келечеги үчүн мектептер жана системалар аркылуу окутуу процесин калыптандыруу» темасына өзгөчө көңүл бурулмакчы.

«Катышуучулар эң таасирдүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, айрым татаал маселелерди карап чыгышат жана бүгүнкү күндүн эң актуалдуу көйгөйү болгон — планетадагы климаттын өзгөрүшү жаатында келечегин чечүү жолдоруна өз салымын кошушмакчы», — деп айтылат маалыматта.


«Мектептер2030» программасынын алкагында быйыл Кыргызстанда 70 мектеп жана 30 бала бакча климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукка багытталган инновацияларын иштеп чыкты. Ар бир билим берүү уюму өзгөчө долбоорлорду иштеп чыгып, аларды ишке ашыруу максатында алар жакында ар кандай жабдуулар менен камсыз болушту.

«Мектептер2030!» программасы — он өлкөдө 1000 билим берүү уюмдары менен иштеген глобалдык программа. Программа коомдун өнүгүшүн колдогон балдардын билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга жардам берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз