Понедельник, 20 мая

Бишкекте бир катар курулуш компанияларга айып салынды. Тизме

0

Бишкекте бир катар курулуш компанияларга айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөнкү компаниялар шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузган:

  • Чүй проспектиси, 127/1 дарегиндеги «Престиж Би Центр» ЖЧКсы жолдун тротуар бөлүгүн зыянга учуратты. Атап айтканда, тосмону демонтаждоо жана жылдыруу уруксат документтери жок жүргүзүлгөн. Аталган компания КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 17 миң сом айып пул алган.
  • «Техник Трейд» ЖЧКсы жолду (асфальтты) зыянга учураткандыгы жана уруксат берүүчү документтери жок жер казгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү жана 179-берененин 2-бөлүгү менен компанияга жалпы суммасы 34 миң сом айып салынган.
  • «Аманат Строй Инвест» курулуш компаниясы дөңгөлөктөрдү жууй турган пункту болсо да, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубай, көчөлөрдүн бирин булгаган. Инспекция тарабынан компанияга чара көрүлүп, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177- беренесинин 2-бөлүгү менен 23 миң сом айыпка жыгылган. Компанияга жолду тазалоого 1 күндүк мөөнөт берилген.
  • Ак-Өргө конушундагы «Шер Курулуш» ЖЧКсынын жанаша аймагы санитардык тазалыкка жооп бербегендиги үчүн инспекторлор курулуш компаниясына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча эки протокол түзүшкөн.
  • «Борсан Констракшн», «Аю Премиум Строй», «Делюр” компанияларына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114, 115-беренелери боюнча айып протоколу жазылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз