Пятница, 22 ноября

Евробиримдик Россияга каршы санкцияны узартты

0

Чектөө коюлган чаралар 2020-жылдын 23-июнуна чейин узартылды.

ЕБдин кеңешчиси Россияга карата Крым жана Севастполдун Россия тарабынан мыйзамсыз аннекцияланышына байланыштуу киргизилген чектөө койгон чараларды узартты.

ЕБдин Кеңешинен билдиришкендей, чектөө коюлган чаралар 2020-жылдын 23-июнуна чейин узартылды.

Бул чаралар ЕБдин аймагында жайгашкан өкүлдөрүнө жана компанияларына карата киргизилет. Алар Крым жана Севастополдун аймагы менен чектелген.

ЕБге Крым жана Севастополдон товар алып кирүүгө уруксат берилбейт. ЕБдин жарандары жана компаниялары Крым жана Севастополдон кыймылсыз мүлк сатып ала алышпайт.

Бул аймактардагы компанияларга каржылык кызмат көрсөтүлбөйт. Европанын трусттик круиз лайнерлери чукул кырдаалдан башка учурларда Крым жана Севастополдун портторунда токтой албайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз