Пятница, 22 ноября

Казакстан Ядролук камсыздоочулар тобунда (ЯКТ) төрагалыкты кабыл алды

0

ЯКТнын  пленардык жыйыны өз ишин 22-июнга чейин улантат.

Ядролук камсыздоочулар тобунун пленардык жыйынында ядролук материалды экспорттогон жана атомдук тармакты өнүктүргөн 48 мамлекеттин бирикмеси болуп саналган уюмдун төрагалыгын кабыл алды. Бул тууралуу КРнын ТИМнин сайтында жарыяланган маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти  Касым-Жомарт Токаев ЯКТ жыйынынын катышуучуларына кайрылып, анда биздин өлкөнүн ядролук куралсыздануу жана аны таратпоо боюнча эл аралык деңгээлде таанылышы Казакстан Республикасынын Биринчи президенти – Елбасы Нурсултан Назарбаевдин аракети жана демилгеси менен түзүлгөндүгүн белгилеген.

Мамлекет башчы Казакстандын ядролук куралды таратпоо көз карашында экендигин жана ЯКТнын маанисин, глобалдык жана аймактык коопсуздукту сактоого кошкон салымын белгилеген.

Казакстандын президенти ошондой эле Топтун атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу үчүн аракеттерин  колдой тургандыгын билдирди.

ЯКТ төрагасынын милдеттерин 2020-жылдын июнуна чейин КРнын Венадагы эл аралык уюмдарынын туруктуу өкүлү Кайрат Сарыбай аткарат.

ЯКТнын пленардык жыйыны өз ишин 22-июнга чейин улантат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз