Эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинде мүлк салыгы (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) STI-19 жана салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча STI-20 карызынын жок же бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле муну менен бирге жарандардын ынгайлуулугу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын 2 жаңы маалымкаты интеграцияланды, эми бул маалымкаттарды онлайн режиминде алууга мүмкүн.
Жаңы кызмат көрсөтүүлөр жарандарга маалымкаттарды алуу үчүн мамлекеттик органга кайрылууга убакыт коротпоого мүмкүндүк берет.
Күбөлүк Мамлекеттик салык кызматынан “Арыз – жооп” ыкмасы боюнча берилет.
Арызды кароо мөөнөтү 2 жумушчу күнгө чейин созулат.