Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда украин аскерлери Орусиянын Су-25 үлгүсүндөгү согуштук учагын атып түшүргөнүн билдирди.
Зеленский өз билдирүүсүндө:«Донецк областы, 110-механикалаштырылган бригада. Орусиянын дагы бир Су-25 учагын атып түшүргөнүңүз үчүн рахмат!», — деди.
Украинанын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «110-механикалаштырылган бригаданын украиналык согушкерлери Авдиевка багытында Орусиянын Су-25 учагын атып түшүрүштү», — деп берилди.