Кыргызстанда 6-майдан 12-майга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 миң 23 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 313;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 319;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 74;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 780;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 418;
- авто ээнбаштык – 8;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 457;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 653;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 683 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.