Грециядагы Афина университетинин укук факультетинде Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн акциясы өткөргөн 27 студент кармалды.
Грециянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERTдин кабарына караганда Афина университетинин укук факультетине прокурордун коштоосунда келген полиция студенттердин Палестинага колдоо көрсөткөн акциясын күч менен токтотту.
Кагылышуудан кийин полиция 27 студентти камакка алды.
Кечээ кечинде Афина университетинин алдында уюштурулган акцияда студенттер Израилден Палестинага кол салууларын токтотууну талап кылып, тынчтыкка чакырышты.
Достук жана тынчтык ырларын ырдаган концерттер менен башталган нааразычылык акциясы түн бою улана турганы күтүлүп, Афина университетинин алдына чатырлар тигилген.