Түркиядан Польшага TБ 2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар тапшырылды.
Түркиянын Коргоо өнөр жайынын башчысы Халук Гөргүн Байрактар TБ 2нин акыркы системасы Польшага жеткирилгенин жарыялады.
Түркия биринчи жолу НАТОго жана Европа Биимдигине мүчө өлкөгө куралдуу учкучсуз учуучу аппаратын ийгиликтүү экспорттошкондорун айтты.
БАЙКАРдын башкы директору Халук Байрактар тапшырууга байланыштуу: «Түркиянын коргоо өнөр жайы тармагындагы жөндөмдүүлүктөрүн дүйнө сахнасында көрсөтүүдөн сыймыктанабыз»,- деди.
Ар бири 6 даана учак жана 3 даана жерди көзөмлдөө станциясынан турган 4 башка пакеттин тапшырылышы үчүн 2021 — жыл май айында Польша менен келишимге кол койгон.