Четверг, 28 ноября

Түндөгү окуяда 28 адам жабыркады

0

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларда 28 адам жаракат алды.

Жабыр тарткандардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү болсо, жергиликтүү жарандар. Жаракат алгандардын көбүнө жеринен жардам көрсөтүлсө, айрымдары ооруканага жаткырылган. Айрымдары милицияга өткөрүлүп берилген.

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуядан 14 пакистандык жабыр тартканын, каза болгондор тууралуу маалымат жок экенин маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз