Четверг, 28 ноября

Милиция: Чет элдиктер өлкөдө мурдагыдай жашаса болот

0
Бишкекте жашаган чет элдик жарандар коопсуздугунан кабатыр болбой, кадимки жашоо образына кайтып келе алышат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2500дөн ашык милиция кызматкери жана ыктыярчы күчөтүлгөн тартипте кырдаалга көз салууда.
«Коомчулукта нааразычылык жараткан жалган маалыматтар таратылууда. Такталбаган маалымат жайылтууга, массалык баш аламандыкка жана чет элдиктерге зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган», — деп эскертет ШИИБ.
Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз