Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагындагылардын баары көз жумганы айтылууда.
20-майда Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хосейн Коливанд Ирандын президенти Эбрахим Раиси бараткан тик учак кыйраган жерде тирүү калган адам жок экенин билдирди.
Ал эми “Мехр” маалымат агенттиги Иран президентинин каза болгонун жарыялады.
Эбрахим Раиси 19-майда күндүз Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, азери президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз-Каласы плотинасынын ачылышына катышкандан кийин кайтып келаткан. Бул — эки өлкө чек ара тилкесиндеги Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.
Иран президентинин тик учагын бул сапарда дагы эки тик учак коштоп жүргөн, алар Тербиз шаарына аман жеткен, ал эми Эбрахим Раиси бараткан учак дайынсыз болуп жаткан.