Пятница, 20 сентября

Трамп Кашыкчынын ишинин иликтенүүсүнө түшүндүрмө берүүдөн баш тартты

0

Журналист Сауд Аравиянын  Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөн.

АКШ президенти  Дональд Трамп ФКК (ФБР) тарабынан журналист Жемал Кашыкчынын Стамбулдагы башкы консулдукта өлтүрүлшүнүн иликтениши боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.  

«Кылдат иликтөө болду деп ойлоймун. Мен көптөгөн макалаларды көрдүм», — деди Ак үйдүн кожоюну эки ирет түз суроого жооп бербей жана сүйлөшүүнүн темасын өзгөртүп, NBC телеканалына интервьюсунда.

Эр-Рияд менен соода-экономикалык байланыштар боюнча темага түшүндүрмө берип жатып Трамп эки өлкөнүн товар айлантуусу 450 млрд. долларды түзөрүн белгиледи. «Мен Сауд Аравия менен кызматташуудан баш тарта тургандай келесоо эмесмин. Эгер саудиялыктар биз менен иштешпесе, анда алар муну орустар жана кытайлар менен жасашат», — деди  америкалык лидер.

Мындан мурда БУУнун атайын докладчысы Агнес Калламар Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда Жемал Кашыкчынын жырткычтык менен өлтүрүлүшү боюнча иш тууралуу докладды жарыялаган.

Докладда королдуктун расмий адамдарына, анын ичинде Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманга карата тергөө баштоо үчүн далилдүү фактылар бар экендиги айтылган.  

Washington Post менен жигердүү кызматташкан белгилүү саудиялык журналист Жемал Кашыкчы Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда 2-октябрда өлтүрүлгөн.

Түркиянын Башкы прокуратурасы тергөөнүн жыйынтыгында журналист пландаштырылган адам өлтүрүүнүн курмандыгы болгон. Кашыкчыны дипмиссиянын имаратына кирер менен муунтулган.

Өлтүрүлгөн соң Кашыкчынын денеси мүчөлөнүп, жок кылынган. Түркия Кашыкчынын иши боюнча Стамбулда сот процессин уюштурууну сунуш кылып келет жана Эр-Риядан журналисттин өлүмүнө тиешеси барларды берүүнү чакырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз