Пятница, 20 сентября

Орус аскер учагы АКШнын үстүнөн учат

0

Ушул жумада россиялык байкоочулар ачык асман келишими боюнча эки учууну аткара тургандыгын Коргоо министрлигинин «Красная звезда» газетасы маалымдады.

«Алардын бири Америка Кошмо  Штаттарынын аймагында — россиялык Ту-154МЛК-1 самолёту менен 24-29-июнь күндөрү Грейт-Фолс аэродромунан 5130 километр максималдуу аралык менен жасалмакчы», — деп тактаган басылма.

Экинчиси 24-28-июнда Швециянын аба мейкиндигинде ишке ашырылат. Ага Ан-30Б самолёту колдонулуп, Уппсала аэродромунан учат жана максималдуу учуу аралыгы 1700 километрди түзөт.

Учуулар макулдашылган багыттар боюнча жүргүзүлүп, ал эми бортто америкалык жана шведдик адистер болушат. Алар аппаратура жана келишимдин жоболорунун сакталышын көзөмөлдөшөт.

 

Ошондой эле ушул жумада Франция жана Германиянын биргелешкен миссиясынын Россиянын аба мейкиндигинде франциялык С-130Н самолёту менен Кубинка аэродромунан учуусу пландаштырылууда.

Ачык асман боюнча келишим

ЕККУнун мүчөлөрү ачык асман боюнча 1992-жылы келишимге кол коюшкан. Ал Европада муздак согуштан кийинки ишенимди чыңдоонун чараларынын бири болуп калган.

Документ он жыл өтүп – 2002-жылдан кийин гана иштей баштаган. Макулдашууга ылайык, тараптар тараптар башка мүчө-мамлекеттин аба мейкиндигинен чалгындоочу учууларды жасап, алардын армиясы тууралуу маалымат чогулта алат.

Азыр бул келишимдин мүчөлөрү болуп 34 мамлекет саналат, алардын арасында – НАТОнун көпчүлүк өлкөлөрү, Россия, Белоруссия, Украина, Грузия, Босния жана Герцеговина жана бейтарап   Швеция жана Финляндия.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз