Суббота, 19 октября

Орусия Армениядагы элчисин чакыртып алды

0

Орусия Федерациясынын тышкы иштер министрлиги Армениядагы элчиси Сергей Копыркиндин сүйлөшүү үчүн Москвага чакыртылганын жарыялады. Чечимдин себеби тууралуу маалымат берилген жок.

Орусия  менен Армениянын мамилеси Карабактагы кагылышуунун курчушу менен начарлады. Ереван Москванын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болгонуна карабастан өзүнө колдоо көрсөтпөгөндүгүнө нааразы.  Ал эми Орусия болсо, Еревандын Европа Биримдиги жана НАТО менен кызматташуусун өнүктүрүүдөн тынчсызданууда.

Орусия Федерациясынын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова: «Арменияны Батыштын коркунучтуу пландарын ишке ашырууда  каражат катары колдонушууда», — деп билдирген.

Февраль айында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы мүчөлүгүн тоңдурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз