Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңири чөйрөдөгү кезектеги жыйынына катышты.
Алгач КМШга мүчө-мамлекеттеринин делегация башчылары тар чөйрөдө Шериктештиктеги экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Жыйында минкаб башчысы 2023-жылда Кыргызстандын КМШга төрагалык кылуусуна ар тараптуу көмөк көрсөткөнү үчүн КМШга мүчө бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, дал ушул биргелешкен иш Кыргызстандын төрагалыгынын максаттарын жана артыкчылыктарын толук ишке ашырууга жана КМШ мейкиндигинде кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана кеңейтүүдө жакшы натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.
Ошондой эле ал Шериктештик мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жаатында бир топ долбоорлор ишке ашырылып жатканына токтолду.
Акылбек Жапаров өз сөзүндө акыркы үч жылда Кыргызстандын улуттук экономикасы ишенимдүү өсүп жатканын, буга Шериктештиктеги мамлекеттер менен соода көлөмүнүн олуттуу өсүшү жана мүчө-өлкөлөр менен өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү дагы чоң өбөлгө болгонун белгилеп өттү.
Жапаров белгилегендей, 2019-2023-жылдарга Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен өз ара жана тышкы соодасынын көлөмү 1,6 эсеге, анын ичинде экспорт — 1,8 эсе, импорт — 1,5 эсе өстү. 2023-жылы КМШга мүчө-мамлекеттердин үлүшү Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 33 пайызына туура келди.
«Экологиялык маселелерге келсек, кооптуу калдыктарды жок кылуу боюнча иштерди улантуу да маанилүү. Маалым болгондой, Кыргызстан КМШга мүчө мамлекеттер менен биргеликте “Уран өндүрүүдөн жабыркаган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программасынын алкагында уран калдыктары көмүлгөн жерлерди рекультивациялоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деди Жапаров.
Ошондой эле минкаб төрагасы интеграциялык бирикменин мейкиндигинде ишенимдүү транспорттук-логистикалык каттамдарсыз соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана сооданы көбөйтүү мүмкүн эместигин билдирди.
Бул жаатта Кыргызстан Өзбекстан тарабынан 2030-жылга чейинки мезгилде КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча сунушталган Иш-чаралар планынын долбоорун толук колдой турганын билдирди.
Сөзүнүн соңунда минкаб башчысы Кеңеш тарабынан күн тартиби боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Шериктештиктин жарандарынын жашоо деңгээлин жана жыргалчылыгын жогорулатууга багытталганына ишеним артаарын билдирди.