Бишкекте күн мурун башталган футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
Бүгүн, 26-майда «Президенттин командасы» курамы 1/4 финалда «Билим» командасын утуп алды.
Эске сала кетсек, мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн
жетекчилеринен турган Президенттин командасынын курамында ойнойт.
Бишкекте 25-26-майда салтка айланган «Мурас» достук мелдеши өтүүдө, ага ар кыл тармактардан топтолгон 16 команда катышып жатат.