Суббота, 19 октября

Димаш Стамбулда концерт берди

0

Казакстандык музыкант, композитор жана мультиинструменталист Димаш Кудайберген Стамбулда күйөрмандары менен жолугушту. Концертте белгилүү артист өзүнүн популярдуу ырларын аткарды.  Кечээ 30 жашка толгон Кудайберген 15 жашынан бери амугалими болгон Марат Айтимов менен сахнада тилек тилеп, туулган күнүн белгиледи.

Кудайберген тилегинин согуш болбогон дүйнө экендигин айтып : «Айырмачылыктарыбыз маселе эмес. Бир асмандын астында жашап жатабыз. Баарыбыз Алланын балдарыбыз. Согуш болбогон дүйнөнүн болушун каалаймын. Балдар дагы көп ыйлабасын. Бири бирибиз менен сый бололу»,- деди.

Стамбулда сахнага чыгуудан кубанычтуу экендигин айткан Кудайберген бул концертке шарт түзгөн күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Чыныгы аты Динмухаммед болгон Димаш Кудайберген 1994-жылы Казакстандын Актөбө шаарында төрөлүп, алты жашында “Айналайын” улуттук пианино сынагында жеңүүчү болгон.

2012 — жылы алгачкы «Көркемим» аттуу ырын чыгарган өнөрпоз 2019-жылы «iD» аттуу алгачкы альбому менен күйөрмандары менен жолугушту.

Карьеринде 2 2 студиялык альбом, 40 сингл жаздырган Кудайберген казак, орус,  англис, француз, италия, украин, түрк, серб, кыргыз, немис, испан тилдеринде ырларды аткарды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз