Бишкекте “Мен патриот” аттуу аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 27-28-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында өтмөкчү.
Иш-чара 1999-2021-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- Эркекте: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 кг.
- Кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 кг.
Мелдештин программасы:
Башталышы: 27-май, саат 9:00. Салтанаттуу ачылыш аземи: 27-май, саат 14:00. Финалдык беттештер: 28-май, саат 9:00.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын аскердик кармашып урушуу боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.