Понедельник, 30 сентября

Орусияда паранжага тыюу салынабы?

0

Орусия Федерациясынын өкмөтү диний кийимдер тууралуу чектөө киргизүүнүн туура эмес экендигин, мунун абийир жана диний эркиндиктин бузулушу деген мааниге келиши мүмкүн экендигин белгиледи.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депуаттарынын жазуу түрүндөгү суроолоруна өкмөт тарабынан берилген жоопто: «125–ФЗ номердүү федералдык мыйзамдын  3-беренесинин 3-пунктуна ылайык, диний негиздер боюнча артыкчылыктардын берилиши, чектөөлөрдүн киргизилишине же басмырлоонун башка формаларына уруксат берилбейт. Ушунун негизинде  Орусия Федерациясынын мыйзамдарынын чегинде диний кийимге чектөөлөр адамдын укуктарын жана дин тутуу эркиндигин бузуу деген мааниге келиши мүмкүн», — деп айтылды.

Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешинин президенти Валерий Фадеев бир канча убакыт мурда Орусия Федерациясында паранжа кийүүгө тыюу салууга чакырган.

Бул чакырууну колдогон Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коммунисттик партиясынын мүчөсү Михаил Матвеев медициналык беткаптарды колдонуунун тышында “бетин жапкан” аялдарга 10 миң рубль айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Матвеев террордук кол салуу коркунучтары күчөп жаткан бул учурда медициналык беткап жана атайын кийимдерден башка бетти жапкан  кийимдерди кийүүгө тыюу салынышы керектигин жактап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз