Понедельник, 30 сентября

УКМКнын жетекчиси чек арачыларга батирлерди тапшырды

0

Бүгүн Баткенде чек арачылар үчүн бир катар обьектилер пайдаланууга берилди.

«Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов билдиргендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырып, жаңы аскер бөлүгүн көрүп чыкты жана 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырды.

Бүгүн Кыргызстанда УКМКнын Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз