Понедельник, 30 сентября

Путин Украина менен эмнеге келише албай жатканын айтты

0
Эгер Украинанын башында кожоюндардын кызыкчылыгын көздөгөндөр эмес, улуттук кызыкчылыкты жетекчиликке алгандар турганда, Орусия менен эбак макулдашып алмак. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал:
«Эгерде Украинаны Европадагы же океандын ары жагындагы кожоюндарынын кызыкчылыгы эмес, улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алган адамдар башкарганда эбак тил табышып алмакпыз», — деди.
Путин ошондой эле Орусия Украина боюнча сүйлөшүү процессин улантууга даяр экенин, бирок аларга кандай сунуштар берилери белгисиз экенин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз