Воскресенье, 29 сентября

Жараат алган 10 миңден ашык палестиналык Газада курчоодо калды

0

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУнун басма сөз катчысы Маргарет Харрис, Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газадагы акыркы абалдарга  баа берди.

ДССУнун катчысы Харрис Газадагы медициналык каражаттар жана күйүүчү майдын азайгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Израилдин Рефахка кургактыктан кол салууларын баштагандан бери үч жүк ташуучу унааны Керем Абу Салим (Шалом) дарбазасы аркылуу Газага жеткиргендерин белгилеген Харрис, ДССУга таандык 60 жүк ташуучу унаанын Египеттин Эль-Ариш портундагы Рефахка кире албастан күтүп жаткандыгын жана   Рефах чек ара капкасы жабык болгондуктан кире албаганын айтты.

Газада медициналык эвакуацияга муктаж бейтаптардын абалы тууралуу суроого жооп берген Харрис: «Бардык медициналык эвакуациялар күтүүсүздөн токтотулду. Эвакуацияланышы керек болгон 10 миңге жакын бейтап бар», — деди.

Харрис ошондой эле Рефах аймагында зордук — зомбулуктун көбөйүшү жана кызматтардын чектелүүсүнөн улам аймактан чыга албаган миңден ашуун оор абалда жана жараланган кишинин бар экендигин да  баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз