Суббота, 28 сентября

Орусия Украинанын өнөр жай курулуштуран бутага алды

0

Орусиянын коргоо министрлиги Киевдин чабуулдарына жооп катары Украинадагы аскердик жана өнөр жай мекемелеринин иштешин камсыздаган энергетикалык объектилерге жогорку тактыктагы жана алыс аралыкка атуучу куралдар менен кол салганын жарыялады.

Министрликтен берилген билдирүүдө  орус армиясынын Украинадагы кыймылдарына байланыштуу маалымат берди.

Украинадагы буталарга карата кол салуулардын болгондугу белгиленген маалыматта: «Киев режиминин Орусиянын энергетика жана транспорттук объектилерине зыян келтирүү аракетине жооп иретинде Орусиянын куралдуу күчтөрү абадан жана деңизден атылган жогорку тактыктагы алыска атуучу куралдар менен Укранадагы  аскердик жана өнөр жай мекемелеринин иштешине мүмкүнчүлүк түзгөн объектилерге бир топ чабуул жасады», — деп айтылды.

Батыштан жиберилген куралдар сакталган ок-дары кампалар  да зыянга учураганы белгиленген билдирүүдө кол салуулардын максатына жеткени жана белгиленген буталардын баарынын атылгандыгы билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз